Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев авиакомпанияларды Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгарууну сунуштады

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 318 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бельгиянын Брюссель шаарына болгон сапарынын алкагында Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель менен жолукту.

Анда Төрөбаев Кыргызстандын авиакомпанияларын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгарууну сунуштады.

Мындан тышкары, өлкө жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү, мамлекеттин тышкы карызын жашыл долбоорлорго алмаштырууну колдоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Тараптар транспорттук байланыштарды, транзиттик потенциалды жана соода жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жозеп Боррель Борбор Азиянын дүйнөдөгү орду жогорулап жатканын белгилеп, Европа Биримдиги Кыргыз Республикасы менен кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кызматташууну бекемдөө ниетин ырастады.

Кыргызстандын авиакомпаниялары коопсуздук талаптарына жооп бербеген үчүн 2006-жылы Евробиримдиктин «кара тизмесине» кирген.

Copyright © 2017 Maral FM