Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда окуучуну сүзгөндөрдүн бири эки айга камалып, бири тил кат менен бошоду

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 383 | 0

Окуучу кызды унаасы менен коюп кетүүгө шектелген Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев камакка алынды. Бул тууралуу Каракол шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу», «автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу», «коркунучта калтыруу» беренелери боюнча шектелип жатат.

«Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын 29-январдагы чечими менен шектүү 26-мартка чейин камакка алынды.

Дагы бир шектүү, Балыкчы милициясынын башчысынын бир тууганы Бекзат Казаков Кылмыш-жаза кодексинин 354-беренеси (прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө органынын ишмердигине тоскоолдук кылуу) менен айыпталып, сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду.

26-январда Балыкчыда милиция кызматкеринин унаасы 5-класстын окуучусун сүзүп кеткени маалым болгон. Окуяга күбө болгондор айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткенин, унааны шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев айдап жүргөнүн айтышкан.

Ички иштер министрлиги Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен иниси экөө ээлеген кызматтарынан бошотулганын билдирген. Кылмыш иши козголуп, анын алкагында шектүү кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM