Биз менен байланышыңыз

ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам. Депутат биринчи фейктер менен күрөшүүгө чакырды

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 183 | 0

Депутат Тазабек Икрамов Кыргызстанда адамдардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген бир да фейк аккаунттар аныктала электигин айтты.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «ЖМКлар жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып жаткан учурда билдирди.

«Бүгүнкү күндө ЖМК өкүлдөрү жалган маалымат таратса, жоопко тартылып эле келе жатат. Бирок жалган маалыматты аты-жыты жок фейк аккаунттар таратып жатат. Биз биринчи ушулар менен күрөшпөйлүбү?» — деди депутат.

Икрамов өзү жөнүндө да каралоого багытталган маалыматтар тараганын, бул фейк аккаунттардын иши экенин кошумчалады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу фейктерге каршы күрөш тууралуу мыйзам бар экенин айтты.

30-январда Жогорку Кеңештин аталган комитети «ЖМКлар жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Долбоорго комитеттин 8 мүчөсү макул, 2 мүчөсү: Бактыбек Чойбеков жана Тазабек Икрамов каршы добуш берди.

Copyright © 2017 Maral FM