Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук транспортко жол кире кымбаттады

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 220 | 0

Бишкек шаарындагы коомдук унааларга жаңы тарифтер күчүнө кирип, жол кире кымбаттады. Жол кирени көтөрүүнү демилгелеген мыйзамды шаардык кеңеш өткөн жылдын 27-декабрында кабыл алган.

30-январдан тарта автобус-троллейбустарга жол кире накталай төлөм — 20 сом, «Тулпар» картасы менен төлөм — 17 сом, Megapay тиркемеси менен төлөм — 11 сом.

Ал эми маршруттук кичи бустарга жол кире 20 сомдон болот.

Шаардын вице-мэри Максатбек Сазыкулов «Маралдын» түз эфиринде айткандай, 2023-жылы борбор калаага жалпы миңден ашык автобус алынды. Анын ичинен 600 автобус жаңы. Ал эми троллейбустар келечекте каттамдан алынып, ордуна электробустар чыгышы мүмкүн.

«Быйыл Бишкекке миңден ашык автобус алынды, жаңысы 600, каттамга күнүнө 10-15тен автобус кошулууда. Шаарда автобустардын 26 линиясы бар, бир линияда 18, 20, 24 автобус болушу керек, интервал 8-10 мүнөт. Автобустар таңкы саат 05:30дан тарта түнкү саат 23: 30га чейин катташы керек. Биз бара-бара троллейбустун баарын электробуска алмаштырабыз. Себеби электробустар мобилдүү, а троллейбустар өзүнүн линиясы менен гана каттап, чектелип калат. Акыркы жолу троллейстар 2015-2017-жылы алып келинген, булар иштөө мөөнөтү бүтсө, дагы карап көрөбүз, же жаңы алабыз, же толук электробуска өткөрөбүз. Менин оюм боюнча, электробуска өткөрүү — Бишкек шаары үчүн ыңгайлуу» , — деди Максатбек Сазыкулов.

Copyright © 2017 Maral FM