Биз менен байланышыңыз

Президенттин маалымат катчысы Жапаровдун кийинки шайлоого катышарын тастыктады

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 351 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Садыр Жапаровдун кийинки президенттик шайлоого да катыша турганын билдирген.

«Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө президенттикке ат салышат. Буга Конституция жол берет, ошондуктан ал баштаган ишин жарым жолдо калтырбайт. Ага эл өзү да жол бербейт. Элде үмүт пайда болду жана алдыдагы үч жылда чоң жетишкендиктерге күбө болот», — деген Байсалов.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов «Кабар» агенттигине Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катыша турганын айтты.

«Ооба, Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат. Учурда узак мөөнөттүү, өлкөбүз үчүн стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлорго старт берилип, пландалып жатканын эске алганда, Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадамы болот», — деди Аскат Алагөзов.

Садыр Жапаров 2021-жылы президент болуп шайланган. Башмыйзамдын соңку редакциясы 2021-жылы 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM