Connect with us

Казак министри: Казакстан Кыргызстандагы реформаларды колдойт

Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 284 | 0

Президент Садыр Жапаров 29-январда Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүү, соода-экономикалык ишмердүүлүктү активдештирүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду.

Садыр Жапаров боордош Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген маселелер болбошу керектигин белгиледи. Мурат Нуртлеу Казакстан Кыргызстандагы окуяларга кылдат көз салып, белгиленген реформаларды ишке ашыруу боюнча стратегиялык багытты колдошорун айтты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев казакстандык кесиптеши менен Бишкекте жолуккан. Анда ушул жылы кыргыз-казак президенттеринин төрагалыгынын алдында өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болору белгиленген.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун Казакстанга расмий сапары пландалып жатканы айтылган.

29-январда Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу баштаган делегация «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды. Ал сталиндик репрессиянын курмандыктарына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл койду.

Copyright © 2017 Maral FM