Биз менен байланышыңыз

«Кыйноо катары кабыл алынат». Журналисттер тергөө абагына которула элек

Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 270 | 0

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор убактылуу кармоочу жайдагы он бир журналист тергөө абагына которулбаса бул аракет кыйноо катары кабыл алынарын билдирди.

Бул тууралуу «Маралга» аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков айтты.

Борбордун кызматкерлери 24-январда журналисттер кармалып жаткан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барышкан. Анда журналисттер соттун 17-январдагы чечими менен Бишкектин тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы аныкталганына карабастан, азыркыга чейин убактылуу кармоочу жайда турганы аныкталды.

«Жазык-процесстик кодексине ылайык, тергөө судьясынын чечими дароо мыйзамдуу күчүнө кирет жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш», — деп билдирет улуттук борбор.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор журналисттердин убактылуу кармоо жайында кармалып турушунун мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү менен буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылган.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин бөгөт чарасын карап, кармалган 11 журналисттин баарын 13-мартка чейин абакта калтырган.

16-январдын таңында айтылган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталышууда.

Камактагы он бир журналисттин туугандары президент Садыр Жапаровго, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго, Ички иштер министри Улан Ниязбековго, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошкон.

Copyright © 2017 Maral FM