Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жана ага караштуу мекемелерде 1 млрд 251 млн 455 миң 600 сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.
27-январда Эсептөө палатасы министрликтердин 2022-жылдагы бюджетин аткаруулары боюнча аудиттин жыйынтыгы каралган. Анда министрликтердин дээрлик көпчүлүгүндө ири суммадагы каржылык мыйзам бузуулар болгону айтылган.
Анын ичинен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде төмөнкүдөй бузуулар табылган:
- бюджеттик тутумдун каржысын аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 366 млн 630 миң 300 сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 57 млн 283 миң 300 сом;
- эсепке алуу жана отчёт тартибин бузуу – 214 млн 824 миң 100 сом;
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамды бузуулар – 612 млн 670 миң 500 сом;
- ченемдик-укуктук актылардын, эл аралык келишимдердин кагылышы жана процессуалдык бузулушу – 47 миң 400 сом.
Аудиттин жыйынтыгы менен Министрлер кабинетине сунуштама, Финансы министрлигине сунуштама жана сунуш, текшерилген министрликке отчёт, жазма буйрук, сунуштама жана сунуш, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине сунуштама жөнөтүлгөн.
Андан тышкары мунай битум сатып алууда мыйзам бузуу болгонун тастыктаган аудиттин корутундусу УКМКга жиберилген.