Connect with us

Прокуратура Балыкчыда окуучуну сүзүп кеткен факты боюнча кылмыш ишин козгоду

Кыска кабар | 27 Янв 2024 | 320 | 0

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, 26-январда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында өспүрүм кызды автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден автоунаанын айдоочусу качып кеткендиги боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу — этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен иш козголду.

Ошондой эле, аталган факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу — этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун”) менен иш козголгон.

Облустук прокуратура жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырды.

Учурда иш боюнча тергөө аракеттери Башкы прокурорунун көзөмөлүнө алынды.

Бир күн мурун Балыкчыда милиция кызматкеринин унаасы 5-класстын окуучусун сүзүп кеткени маалым болду. Окуучу реанимацияда экени кабарланууда.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ошондой эле унааны шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев айдап жүргөнү айтылган.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен иниси экөө ээлеген кызматтарынан бошотулду.

«Жол кырсыгы боюнча ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында рулда болгон аймактык тескөөчү менен шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасы иштен алынды. Министрликтин жетекчилиги ишти көзөмөлгө алды», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM