Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда окуучуну сүзүп кетти делген милициянын башчысы жана иниси иштен алынды

Кыска кабар | 27 Янв 2024 | 508 | 0

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында милиция кызматкеринин унаасы 5-класстын окуучусун сүзүп кеткени маалым болду. Окуучу реанимацияда экени кабарланууда.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ошондой эле унааны шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев айдап жүргөнү айтылган.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен иниси экөө ээлеген кызматтарынан бошотулду.

«Жол кырсыгы боюнча ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында рулда болгон аймактык тескөөчү менен шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасы иштен алынды. Министрликтин жетекчилиги ишти көзөмөлгө алды», — деп жазылат маалыматта.

Жабыркаган окуучу кыздын атасы да Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы унааны мас абалында айдап жүргөнүн айтып, видео кайрылуу кылды.

Copyright © 2017 Maral FM