Connect with us

Кармалган журналисттер бир жумадан ашык убакыттан бери тергөө абагына которула элек

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 254 | 0

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери 24-январда журналисттер кармалып жаткан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барышты.

Анда журналисттер соттун 17-январдагы чечими менен Бишкектин тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы аныкталганына карабастан, азыркыга чейин убактылуу кармоочу жайда турганы аныкталды.

«16-январда убактылуу кармоочу жайга киргизилген 11 ЖМК өкүлү 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан СИЗО-1ге камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин тергөө абагында кармалып турганы аныкталды. Жазык-процесстик кодексине ылайык, тергөө судьясынын чечими дароо мыйзамдуу күчүнө кирет жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш», — деп айтылат маалыматта.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин бөгөт чарасын карап, кармалган 11 журналисттин баарын 13-мартка чейин абакта калтырган.

16-январдын таңында айтылган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталышууда.

Камактагы он бир журналисттин туугандары президент Садыр Жапаровго, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго, Ички иштер министри Улан Ниязбековго, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту.

Copyright © 2017 Maral FM