Биз менен байланышыңыз

Парламент кумар оюндары тууралуу мыйзам долбоорун колдоду

Кыска кабар | 25 Янв 2024 | 211 | 0

Жогорку Кеңеш 25-январдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, колдоду.

Мыйзам долбоору оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, бир оюн чөлкөмүнө топтоштурууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Муну менен катар, кумар оюндарын уюштуруучулардын ишин мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү күчөтүү, инвестиция тартуу максаты коюлган.

Документте айтылгандай, оюн автоматтары, букмекердик кеңсе жана тотализаторлор казино жайгашкан оюн аймагында болуп, бирок өзүнчө бөлмөгө жайгаштырылат. Ошол эле убакта казино жана оюн автоматтары коюлган зал бир оюн-зоок аймагы катары эсептелип, кожоюну да бир адам болот.

Бул мыйзам долбоору ишке ашса, оюн-зоок, азарттык оюндарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү артары айтылат маалыматта.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаровдун маалыматында акыркы бир жылда казино ишмердүүлүгүнө эки лицензия берилген. 2023-жылы эки казинодон 168 млн сом салыктык эмес төлөмдөр түшкөн.

Ошондой эле букмекердик кеңселерден 210 миллион сом салыктык эмес төлөмдөр түшкөн. Алардын саны төртөө, бирок экөөнүн лицензиясы жокко чыгарылган.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Умтуловдун айтымында, 2023-жылы лицензия алган казино жана букмекердик кеңселерден мамлекеттик бюджетке жалпы 100 млн 464 миң сом салык түштү.

Оюн-зоок ишмердигин мыйзамдаштырган мыйзам долбоорун кароо коомчулукта көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан. Анын кабыл алынышына каршы чыккандар борбордо жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Жогорку Кеңеште да бир топ кайчы пикирлер айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM