Биз менен байланышыңыз

Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча учак каттай баштады

Кыска кабар | 25 Янв 2024 | 654 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунда 24-январда Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча биринчи каттамды салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Үзгүлтүксүз каттамдар Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан Airbus A320neo учагында аткарылат. Жаңы каттам боюнча жүргүнчүлөр жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү уча алышат.

Пекинден Бишкекке биринчи каттам менен 90 жүргүнчү учуп келип, Бишкектен Пекинге 150 жүргүнчү учуп кеткен.

«Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдары туризмди өнүктүрүү үчүн стимул боло алат. Кытайдан келген туристтер Кыргызстандын маданий мурастарын, жаратылыштын кооздугун жана тарыхый жерлерин изилдөөгө кызыкдар болушу мүмкүн. Ошондой эле, мындай кызматташтык Пекин менен Бишкектин ортосундагы авиациялык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, эки өлкөнүн ортосундагы сооданын жана инвестициянын жолун кеңейтет. Жаңы экономикалык долбоорлор жана биргелешкен ишканалар пайда болуп, технологияларды алмашуу алардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнүн натыйжасы болушу мүмкүн», — деп билдирди «Манас» эл аралык аэропортунун коммерция боюнча директору Сатыбек Каныбеков.

Copyright © 2017 Maral FM