Биз менен байланышыңыз

Эрдогандын Кыргызстанга жасай турган сапары талкууланды

Кыска кабар | 25 Янв 2024 | 200 | 0
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган

Бүгүн, 25-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды.

ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар февралда Анкарада өтө турган кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү, түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын ушул жылы Кыргызстанга боло турган сапарын талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров быйыл 9-январда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алганда да Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапары талкууланган.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга 8-январда расмий сапары менен келип кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM