Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» Кызыл-Кыядагы лицейинде окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынды

Кыска кабар | 25 Янв 2024 | 786 | 0

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейде окуучуга кол көтөргөн видео боюнча түшүндүрмө берди.

Окуя 22-январда болгон. Социалдык тармактарга тараган видеодо мугалим окуучуга кол көтөргөнүн көрүүгө болот. Буга байланыштуу мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулду. Директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен чын дилинен кечирим сурайт. Өз кезегинде жетекчилик Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейдин администрациясы менен педагогуна тиешелүү чараларды көрдү, ошол эле учурда окуучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт.

Тилекке каршы, “Сапат” таза, гумандуу иштеген башка педагогдордун ак эмгегине шек келтирген педагогдор кездешпей койбой турганын билдирет. 

32 жылдык тарыхыбызда биз баланы зомбулуктун бардык түрүнөн коргоо принцибин жогору тутуу менен, баланын бардык кызыкчылыктарын камсыздоо максатында алардын укуктары менен кызыкчылыктарынын биринчи кезектелигин эске алуу менен иштеп келгенбиз жана иштей беребиз. Балага кол көтөрүү эч качан акталбайт жана биздин билим берүү мекемебизде жол берилбейт» , — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM