Биз менен байланышыңыз

Этникалык кыргыздарга берилүүчү кепилдиктер жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 205 | 1

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Документ 2023-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Демилгечиси депутат Нурланбек Азыгалиев. Документ «кайрылман», «кайрылман статусу» жана «этникалык кыргыздар» терминдеринин жаңы, өркүндөтүлгөн аныктамаларын сунуштайт.

Ага ылайык, күбөлүк юридикалык статус берүүчү жана каттоо органдарына каттоого укук берүүчү документ катары гана эмес, мамлекеттик кепилдиктерди алуу үчүн социалдык статусун ырастоочу документ катары да колдонулат.

Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар катталган жана жашаган аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерден пайдаланууга укуктуу болот, мамлекеттик медициналык мекемелерге кайрыла алат, ошондой эле жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун пайдалана алат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова парламенттин 13-декарбдагы жыйынында Кыргызстанда 1992 этникалык кыргыз жарандык ала электигин айткан. Анын ичинен Өзбекстандан 372, Тажикстандан 1378, башка өлкөлөрдөн 245 адам келген.

Мындан тышкары, жарандык алуу боюнча 2766 кайрылман жарандык алуу боюнча арыз берген, учурда документтештирүү процесси жүрүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. Заир

    27.01.2024 16:05

    Саламатсызбы. Мен дагы Жерге-тал районудан келгенмин. Кайсы жерге кайрылсам болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM