Биз менен байланышыңыз

Бишкекке 600 таштанды контейнери сатылып алынды

Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 214 | 0

Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды үчүн 400 желим жана 200 темир контейнер сатып алды.

Борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жана таштанды чыгаруунун сапатын жакшыртуу үчүн мэрия тарабынан контейнерлердин санын көбөйтүү милдети коюлган. 2023-жылы 530 контейнер сатылып алынган.

Контейнерлер шаардыктардын катуу тиричилик калдыктары үчүн гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн да орнотулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM