Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча өкүлдөрү келди

Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 208 | 0

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү 24-25-январда Бишкекте болот. Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Алты кишиден турган эксперттик топ Тышкы иштер министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Каржы министрлиги, Бажы жана Салык кызматтарынын, Улуттук банктын өкүлдөрү менен жолугуп, техникалык жардам жана кеңеш берет.

Британия ошондой эле британиялык Fieldfisher юридикалык фирмасынын сапарын каржылайт, ал өкмөт жана жеке сектор менен товарлар, каржы жана башка санкцияларга байланыштуу темалар боюнча тажрыйба бөлүшөт.

Бул Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкциялар боюнча башкармалыгынын Бишкекке экинчи сапары, биринчи иш сапары 2023-жылдын апрель айында болгон, Бишкекке министрликтин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид келген.

Copyright © 2017 Maral FM