Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жакында кыргызча мультфильм чыгарылат

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 284 | 0

Кыргызстанда жакында «Амантай жана Айтуяк» аталышындагы кыргызча мультфильм чыгарылат. Бул тууралуу «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынан кабарлашты.

Мультфильмде Амантай менен асмандан түшкөн Айтуяк экөөнүн кызыктуу окуялары баяндалат. Тасма 8 сериядан турат.

Режиссеру Айбек Дайырбеков, сценарийдин автору Токтобек Үсөнов, башкы сүрөтчү Нурлан Кебек уулу, супервайзер Канат Ногойбаев.

Учурда анимациялык тасманын тартуу иштери уланып жатканы маалым болду. Мультфильм «Кыргызфильм» киностудиясы жана «Карек балдар киносунун фонду» менен биргеликте тартылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM