Биз менен байланышыңыз

Орунтаев: Жер титирөөдөн жабыркаган имараттар аныктала элек

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 412 | 0

Жер титирөөгө байланыштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жумушчу топ түзүлүп, Бишкектеги жана айланасындагы турак үйлөрдүн абалын текшерүүдө.

Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Нурдан Орунтаев журналисттерге билдирди.

«Учурда бир катар үйлөр текшерилди, жарака кеткен үйлөр аныкталган жок. Бул иш бир канча күн күчөтүлгөн режимде уланат, дагы кошумча маалымат беребиз», — деди Орунтаев.

Анын маалыматына караганда, бардык талаптарга жооп берген турак жайлар 8-9 баллга жеткен жер титирөөгө чыдамдуу болот.

Айрыкча, социалдык мекемелердин имараттары коопсуздук нормаларына жооп берет жана силкинүүнүн 9 баллга чейинки күчүнө чыдайт.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 00:09да Кытайдын аймагында  күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын аймагында 6 балл,  Каракол шаарында жана Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM