Connect with us

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөөгө 22 техника, 7 дрон тартылды

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 204 | 0

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө 23-январда таң эрте кайра улантылууда. Аны издөөгө куткаруучулар жана ИИМдин кызматкерлери тартылганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Учурда 282 адам чыкты, анын 172си куткаруучу. Анын ичинде 1 кинолог, 4 атчан бар. Алар 6 дрон, 18 техника менен капчыгайда издөө ишине чыгышты.

Ал эми ИИМден 110 адам 1 дрон, 4 техника менен  чыгышты. Жалпы 22 техника, 7 дрон тартылды.

14- январь күнү 1996-жылы туулган Мухамедаалы Маматалы уулу үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM