Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 259 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, 23-январга караган түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү — Кумтөрдө – 6 балл, Каракол шаарында, Кажы-Сай айылында — 4,5 балл, Нарын — 4 балл, Бишкек — ​​3 баллга чейин сезилген.

Андан соң саат 00:42, 01:36да – 6 балл, 02:57де – 5 балл жана эртең менен саат 05:19да – 6 балл жана 07:18де – 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Акыркы жердин силкинүүсү Кумтөрдө сезилип, күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Кумтөрдөн 80 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 140 чакырым түштүк-чыгышта, Кажы-Сай айылынан 160 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 210 чакырым чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM