Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө уланууда

Кыска кабар | 22 Янв 2024 | 166 | 0

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө бүгүн, 22-январда улантылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, издөөгө жалпы 273 адам чыкты, анын 163ү куткаруучу. Алар 5 дрон, 10 техника менен издешүүдө.

Ал эми ИИМдин 110 кызматкери 1 дрон, 4 техникасы менен чыгышты. Жалпы 14 техника тартылды.

14-январь күнү 1996-жылы туулган Мухамедаалы Маматалы уулу үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Издөө ишине Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көзөмөл кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM