Биз менен байланышыңыз

Шектүүлөргө тагылчу электрондук билерик алууга конкурс жарыяланды

Кыска кабар | 21 Янв 2024 | 221 | 0
Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти соттолуучуларга тагылуучу электрондук билерик сатып алууга конкурс жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.
Мекеме 3 миллион 979,5 миң сомго 300 билерик сатып алууну пландап жатат. Ал смарт-сааттарга окшош колго тагыла турган, кара түстө болушу керек деген талап коюлган. Ичине чаң, суу кирбей, программалык камсыздоосун сырттан бирөө талкалабай тургандай болушу зарыл. Билерик белгиленген чек арадан чыккан учурда сигнал берүүгө, реалдуу убакытты жана каякка барып келгени тууралуу тарыхчасын көрсөтүүгө ылайыкталышы шарт. Электр тогу менен кубатталат, ага кошумча, Power bank да алуу каралган.
Сынакка катышууну каалаган тараптар 5-февралга чейин табыштама жөнөтүшү керек.
Белгилей кетсек, электрондук билериктер экономикалык иштер менен кармалган, пробациялык мөөнөт берилген жарандарга колдонулат. Юстиция министрлиги бул технология кылмыштардын санын кыскартууга жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берерин билдирген. Ошондой эле үй-бүлөлүк жана аялдарга карата зомбулукту бир топ кыскартууга өбөлгө болот. Электрондук билерикти колдонуу боюнча мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңеште каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM