Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү касапканаларга бир жылда 225 миң сом айып салынган

Экономика | 19 Янв 2024 | 431 | 0

Өткөн жылы ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегени, көрсөтмөлөрдү толук аткарбаганы үчүн 16 мал базарга 160 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө 45 мал базар иштейт. Анын ичинен 25 базарда ветеринардык-санитардык талаптар так сакталат. Калган 20 базардын кожоюндарына, жетекчилерине райондук ветеринардык башкармалык тарабынан көрсөтмөлөр берилген. Мындан сырткары айрым акимдерге, мэрлерге коюлган талаптар аткарылбай жатканы тууралуу эскертүү кат жөнөтүлгөн.

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын реестринде 101 касапкана катталган. Анын ичинен он бешинин иши ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегени үчүн убактылуу токтотулган.

Аталган кызматтын директору Бакыт Шарапов мал соючу жайы жок райондорго жана шаарларга касапкана салдыруу тапшырмасы берилип, анын негизинде 12 касапкана ачылганын билдирди.

«Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Кадамжай, Лейлек, Бакай-Ата, Манас, Тоң, Ысык-Көл жана Москва райондорунда  жаңы салынган мал соючу жайлардын  курулушу аяктап, ишке кирүү алдында турат. 101 мал соючу жайдын ону ири, алтымыш төртү чакан касапкана, жыйырма жетиси жөн гана аянтча. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегени жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбаганы үчүн аларга 225 миң сом өлчөмүндө айып салынды».

Бакыт Шарапов өлкө аймактарында жалпысынан 29 ветеринардык көзөмөлдөө пункту иштээрин белгиледи. Анын ичинен 18 пункт мамлекеттик чек арага, 4 пункт убактылуу сактоочу жайларга, 5 пункт темир жол станцияларына жана 2 пункт эл аралык аэропортторго салынган.

2023-жылы импорттоодо 70 мыйзам бузуу катталып, чек арадан өткөрүлбөй, артка кайтарылган.

Шарапов былтыркы жылдагы экспорт-импорттун көлөмү тууралуу буларга токтолду:

«73 миң 905 уй, 116 миң 540 кой-эчки, 4 миң 996 жылкы, 45910,2 тонна сүт азыктары, 867,6 тонна колбаса, 5556,4 тонна балык, 471 миң 133 тери, 439 тонна бал ЕАЭБге кирген жана кирбеген өлкөлөргө экспорттолгон. Ал эми импорт тууралуу айтсак, 26292 уй, 940 кой-эчки, 7311 жылкы, 8248,3 тонна балык жана балык азыктары, 65085,9 тонна тоок эти, 192 млн 644 миң 780 жумуртка, 14752,7 тоннасүт азыктары, 104 миң 400 тонна сүт азыктары, 50 миң 021 тонна канаттуулар жана жаныбарлар үчүн жем, 12941,5 тонна балык жеми импорттолгон. Чек аралардагы ветеринардык көзөмөлдөө пунктуларында 2023-жылдын 12 айында импорттоодо 70 мыйзам бузуу катталып, артка кайтаруу актылары түзүлгөн. Анын ичинде Казакстандан келген товарлар үчүн 54 акты, Өзбекстандан келген товарлар үчүн 15 акты, Кытайдан келген товарлар үчүн 1 акты жазылган».

Бакыт Шарапов өлкөдө жалпы 246 ветеринардык дарыкана бар экенин, анын ичинен 243ү ветеринардык кызматтын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдады.

Ошондой эле ал атайын маалымат системасы аркылуу ветеринардык дары-дармекти көзөмөлдөө иштери башталганын билдирди.

«ЖИКС маалымат системасы аркылуу ветеринардык дары-дармекти көзөмөлдөө боюнча пилоттук долбоор башталып, ага Баткен, Ноокен, Талас, Нарын райондору, Бишкек, Ош, Каракол шаарлары кирди. Бүгүнкү күндө 354 ишкана Евразия Экономикалык Биримдигинин бирдиктүү реестрине киргизилген. Кытай 11 бал чыгарган, 13 сүт азыктарын чыгарган ишкананы, Бириккен Араб Эмираттары 2 касапкананы, Өзбекстан 39 ишкананы бирдиктүү реестрине каттаган. Ветеринардык кызматтын аймактык түзүмдөрү тарабынан 2023-жылы Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен 3228 пландык жана плансыз текшерүүлөр макулдашылган. Анын негизинде 2670 текшерүү өтүп, 786 көрсөтмө берилип, жалпы 1 млн 504 миң 500 сом айып салынган».

Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкө боюнча 24 млн 762,9 миң баш мал эмделди. Анын ичинен 1 млн 209,6 миң малдын ылаңын аныктоо иштери жүргүзүлдү; 22 млн 955,4 миң малга вакцина сайылды; 597,9 миң малга куртка каршы дары берилди. 2023-жылга бекитилген план 100% аткарылды.

Copyright © 2017 Maral FM