Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Лиз Тросселл Кыргызстандагы журналисттерге жана жалпысынан сөз эркиндигине болгон басым боюнча комментарий берди.
Ал пикирин ачык билдирүүгө укуктуу болгон жарандарга жаза катары камакка алуу чарасын колдонуу –эл аралык мыйзамдарга ылайык өзүм билемдик болуп саналарын айтты.
Мындай шартта кыргыз парламенти сөз эркиндигин, анын ичинде маалымат каражаттарынын эркиндигин чектей турган «ЖМКлар жөнүндө» мыйзам долбоорун карап жатканы абалды курчутарын белгилейт.
«Биз бийликти сөз эркиндигин коргоого жана медиага байланыштуу мыйзамдарды адам укуктарынын эл аралык стандарттарына шайкеш келишин камсыздоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.
«Журналисттерди коргоо комитети» эл аралык уюму да Кыргызстандагы эркин медиаларга жана журналисттерге карата кылмыш иштерин токтотууга чакырды. Билдирүүдө айтылгандай, Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги акыркы эки жылда көз карандысыз маалымат каражаттарына бир катар мыйзамдуу чабуулдардан улам кескин начарлап кетти.
Уюм кырдаал боюнча Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигине кат жөнөткөнүн, бирок азырынча жооп ала электигин билдирди.
16-январдын таңында үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлери 48 саатка камакка алынган.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») менен айып тагылды.