Биз менен байланышыңыз

Депутат журналисттердин кармалышы боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 174 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 17-январдагы жыйынында журналисттердин массалык кармалышы боюнча маселе көтөрүп, өлкөдө эркин медиа болушу керектигин айтты.

Депутат президенттен комиссия түзүп, журналисттер мыйзам бузуп жатабы же алардын укугу бузулуп жатабы, иликтеп чыгууну өтүндү.

«Өлкөбүздүн буга чейинки тарыхынан билебиз да, төңкөрүш, бийликти алмаштыруу такыр башка жолдор менен жасалат. Жаш балдар видеокамера же телефон менен төңкөрүш кыла алышпайт. Алар бийлик үчүн коркунуч алып келбейт. Дагы бир нерсени эске алуу керек, бийликти алмаштыруу үчүн эл бийликти колдобошу керек, бирок бүгүнкү күндө президентке элдин ишеними бар, анда эмне үчүн ушундай айыптоолор болуп жатканы түшүнүксүз», — деди депутат.

16-январдын таңында үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлери 48 саатка камоого алынды.

Жактоочунун маалыматы боюнча 48 саатка камалган журналисттер:

  1. Махабат Тажибек кызы.
  2. Сапар Акунбеков.
  3. Азамат Ишенбеков.
  4. Сайпидин Султаналиев.
  5. Актилек Капаров.
  6. Тыныстан Асыпбеков.
  7. Максат Тажибек уулу.
  8. Жодар Бузумов.
  9. Жумабек Турдалиев.
  10. Айке Бейшекеева.
  11. Акыл Орозбеков.

Кармалган журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») менен айып тагылды.

Copyright © 2017 Maral FM