Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: Кыргызстан Таиландга 0:2 эсебинде утулду

Кыска кабар , Спорт | 17 Янв 2024 | 492 | 0

Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун алкагында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Таиланд курамасына каршы оюн өткөрдү.

16-январдагы оюн Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өттү. Биринчи бөлүгү 1:0 менен аяктап, Таиланддын курамасы бир гол киргизди.

Оюндун экинчи бөлүгүндө атаандаштар Кыргызстандын футболчуларынын дарбазасына дагы бир гол киргизип, оюн 2:0 эсебинде Таиланд командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

F тайпасына кирген Кыргызстан улуттук курамасы 21-январда Сауд Арабия менен, 25-январда Оман менен оюн өткөрөт.

Кубок үчүн беттешке 24 улуттук команда катышып, алты тайпада күч сынашууда.

Азия Кубогу 12-январда башталган, ал 10-февралга чейин уланат.

Азия биринчилиги алгач 1956-жылы Кытайдын Гонконг шаарында өтүп, Түштүк Корея курама командасы чемпион болгон. Кубок үчүн беттештер төрт жылда бирден өтүп турат.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович команда үчүн оор беттеш болгонун, үмүтү акталбаганын айтты.

«Таиланд биз менен бирдей деңгээлде ойногон курама экенин билчүбүз. Бирок командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду. Футбол бул айып аянтчаларында кылдаттыкты талап кылган оюн. Биз борбордо жакшы оюн көрсөттүк, бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн негизги себеби дал ушунда болду. Биз оюнду талдап, оюнчулар менен сүйлөшүүбүз керек. Атаандаштын жана өзүбүздүн айып аянтчаларыбызда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек. Турнир биз үчүн али бүтө элек, алдыда 2 беттеш бар. Биз Сауд Арабиясы жана Оман менен оюндарда кез келебиз», — деди башкы машыктыруучу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM