Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Таиланд: Командалардын дарамети кандай?

Блог , Спорт | 16 Янв 2024 | 636 | 0

Бүгүн, 16-январда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун алкагында Кыргызстан алгачкы беттешин өткөрөт. Кыргыз курамасынын атаандашы – Таиланд курамасы. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын бул жолку курамы негизинен жаштар. Алардын эң улуусу 31 жашта – Кайрат Жыргалбек уулу. Ал эми эң кичүүсү – 18 жаштагы Бекназ Алмазбеков. Ал эми Кыргызстан Таиланд курамасын утабы? Тайпалык баскычтан чыга алабы?

12-январда Катарда футбол боюнча Азия Кубогу башталды. Турнирдин ачылышы «Лусаил» стадионунда болду. Азия Кубогуна 24 өлкөнүн курама командасы катышып жатат. Алар алты тайпага бөлүнгөн, ар бир тайпада төрттөн команда болот.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия биринчилигинде өз тарыхында экинчи жолу ойноп жатат. Биринчи жолу 2019-жылы Азия Кубогуна катышып 1/8 финалдык баскычына чейин жетишкен.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат.

F тайпасында орун алган Кыргызстандын командасы Таиланд, Сауд Арабия жана Омандын курама командалары менен беттешет.

Кыргызстандын курамасы Таиланд менен бүгүн беттешет. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович, бүгүнкү атаандаштары тууралуу «Октябрь айынан тарта биз Таиланд командасын, алардын оюнчулардын оюнуна көз салып жатабыз. Жакында эле кураманын машыктыруучусу алмашты, албетте, команда үчүн кыйын жагдай түзүлдү. Турнирдеги биринчи-старттык беттешке кызуу даярдыктабыз», — деп билдирди.

Таиланддын футбол боюнча курамасы учурда ФИФАнын рейтингинде 113-орунда турат. Ал эми Кыргызстан 98-орунда. Таиланд менен Кыргызстандын курамалары 2000-жылдардын башында беттешкен. Эксперттердин пикиринде Таиланд курамасы F тайпасында өтө күчтүү атаандаш болуп эсептелбейт. Бирок ошентсе да, Таиланддын курамасы Азия Кубогуна 8 жолу катышып, 1972-жылы 3-орунду алган. 2019-жылдагы Азия Кубогунда Кыргызстан сыяктуу 1/8 баскычына чыккан. Ал эми футболчулары тууралуу айта турган болсок, Азиядагы эң кымбат футболчулардын катарына кирген Супачай Чайдет Таиланд курамасы менен Азия Кубогуна катышат.

Кыргызстандын курамасында эң маанилүү делген оюнчулар Валерий Кичин, Алимардон Шүкүров жана Эрбол Атабаевдер алган жаракатынан улам бул турнирге катышпай калды.Башкы машыктыруучу жарым коргоочу Алимардон Шүкүровдун жаракаты жакшы болсо, кийинки беттештерде чыгарын айткан.

Эксперттердин пикиринде, Кыргызстан тайпалык баскычтан чыгуу үчүн бүгүнкү беттешти сөзсүз утушу керек. Эгер Таиландды утса, анда тайпада экинчи болуп чыгуу мүмкүнчүлүгү артат. Тайпадагы башка атаандаштарды алганда Оман курамасы тандоо этаптарында Кыргызстанды уткан. Бирок эксперттер эки команданын дарамети окшоштугун айтып, Оманды жеңүү футболчулардан көз каранды экендигин айтып келишет. F тайпасынын фаворити — Сауд Арабия курамасы. Сауд Арабия болсо, Азия Кубогуна негизги талапкерлердин бири.

Бүгүнкү беттеш Доха шаарындагы «Абдулла бин Халифа» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да өтөт. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында улуттук кураманын оюндарын көрүүнү каалагандар үчүн атайын фан-зона уюштурулду. Бишкекте «Азия Молл» соода борборунда чоң экрандан көрсөтүлсө, Ош шаарында «Кыргызстан» театрында атайын жай даярдалды.

Ак шумкарлар да бул беттеште күйөрмандардан колдоо күтөрүн айтып, кайрылуу жасады.

Copyright © 2017 Maral FM