Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан менен Таиланддын футболчулары беттешет

Кыска кабар , Спорт | 16 Янв 2024 | 392 | 0

Бүгүн, 16-январда Азия Кубогу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Таиланддын футболчулары менен беттешет.

Катардын борбору Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча 20:30да башталат. Беттешти УТРКнын «Спорт» каналы түз алып көрсөтөт.

Азия Кубогу 12-январда башталган, ал 10-февралга чейин уланат.

Кубок үчүн беттешке 24 улуттук команда катышып, алты тайпада күч сынашууда.

F тайпасына кирген Кыргызстан улуттук курамасы 21-январда Сауд Арабия менен, 25-январда Оман менен оюн өткөрөт.

Азия Кубогу оюну алгач 1956-жылы Кытайдын Гонконг шаарында өтүп, Түштүк Корея курама командасы чемпион болгон. Кубок үчүн беттештер төрт жылда бирден өтүп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM