Биз менен байланышыңыз

Депутат Икрамов журналисттердин суракка алынышы боюнча үн катты

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 240 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бир топ журналисттин үйүнө тинтүү жүргүзүлүүсү жана суракка чакырылышы боюнча пикирин билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына жазгандай, мындай аракет сөз эркиндигине, демократияга терс таасирин тийгизет.

«Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан 24 kg маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса,  бүгүн таң эрте онго жакын журналисттин «башаламандык уюштуруу» шеги менен үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барат деп ишенем», — деди депутат.

16-январдын таңында бир нече журналисттин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат тарады. Иликтөөчү журналист Болот Темировдун, «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Булардын ичинен Сапар Акунбеков менен Актилек Капаровду Ички иштер министрлигинин кызматкерлери суракка алып кеткени, аларга «массалык башаламандыктарга чакыруу» беренеси менен иш козголуп жатканы маалымдалды.

Аны менен катар «ПолитКлиника» сайтынын журналисти Тыныстан Асыпбек уулунун үйүнө да тинтүү жүргөнүн медиа мекеменин директору Дилбар Алимова кабарлады.

15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине да тинтүү жүрүп, директору Асел Оторбаевага, сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лынарга «согушка чакырык» деген кине коюлуп, УКМКга сурак берип чыгышканы кабарланган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган.

Иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.

12-январда эскспертиза «Айт, айт десе», «Temirov Live» аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар экенин тастыктаган корутунду чыгарып берген.

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен иш козголуп, тиешелүү тергөө жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM