Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 171 | 0

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, “Сосновка” постунан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Көчкү болжол менен 15-январда түшкү саат 13:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127,5-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 м3 түзөт.

Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалап жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM