Биз менен байланышыңыз

24.kg басылмасынын техникасы алынып, жетекчилери суракка алынды

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 173 | 0

24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева, редактору Махинур Ниязова сурак берүү үчүн УКМКга жеткирилди. Алар менен кошо адвокаттар Артем Иванов менен Нурбек Садыков да барган.

Агенттиктин маалыматына караганда, УКМКнын кызматкерлери редакциядан компьютерлерди жана документтерди алышты. Тинтүү иши соттун чечими менен жүргүзүлдү. Басылманын имараты жабылганы маалым болду.

Бүгүн 24.kg басылмасынын кеңсесине тинтүү жүргүзүлүп жатканын аталган басылманын редактору Махинур Ниязова кабарлаган.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 15– январдагы жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Министрлер кабинети сунуштаган долбоор былтыркы жылдын 15-декабрында катталган.

Бул мыйзамдын долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин эл аралык уюмдар, медиаэксперттер айтып келишүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM