Биз менен байланышыңыз

«Жол бербейбиз». Президент бийликти күч менен алмаштырууга негиз жок экенин айтты

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 280 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде башаламандык уюштурууга аракет кылгандарга жаза катуу болорун айтты.

Президенттин пикиринде, ишкер Имамидин Ташов менен активист  Тилекмат Күрөңовдун артында бийликке келүүнү эңсеген башка топтор бар.

«Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда «чоң акырдан жем жеп» жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер», — деди Садыр Жапаров.

Президент тымызын топтор кимдер экенин бийлик беш колдой билерин кошумчалады жана бүгүнкү күндө бийликти күч менен алмаштырууга эч негиз жок экенин билдирди.

«Мурда эмне үчүн бийлик алмашчу эле? Бийлик башындагылар өздөрү баш болуп ууруларга, криминалдарга кошулуп алышчу. Клан-клан, жердеш-жердешчилик болуп, мамлекетти жакындарына башкартып, экономикабызды уурдап, сазга батырып, шайлоолорду адилетсиз өткөрүп, элди иренжитип, чыдамын түгөтүшчү. Мына ошол үчүн революциялар болуп турган. Биз андайга жол бербейбиз. Шайлоолорду адилеттүү, так, таза өткөрүп турууга эркибиз жетет. Бизде башка өлкөлөрдөгүдөй бюллетенди илгеркидей кол менен санамай жок. Жасоого да мүмкүн эмес. Мурдакыдай биринин бюллетенин экинчисине кошуп, кимдир бирөөнүн добушун көбөйтүп санап коюу мүмкүн эмес. Шайлоо бүтөрү менен жарым сааттын ичинде кимдер өткөнүн автоматташтырылган шайлоо системасы чыгарып коет. Андан кийин бюллетендерди байкоочулардын катышуусунда кол менен да санап чыгышат.

Башкаруу системасына болсо жакындарыбызды аралаштырган жокпуз. Экономикабыздын кандай өсүп жатканын өз көзүңүздөр менен көрүп атасыздар. Дагы эмне керек? Кимде ким баш аламандык уюштурам деген максатта эл топтой турган болсо, жообу катуу болот. Көп эл топтоп алып анан жанагыдай артынан атып же жардыруу кылып карапайым элдин арасынан бирөө жарымдын жабыр тарттырбай алдын алып, андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Биз мурдакылардай аларды «эркелетип» отурбайбыз. Биз үчүн мамлекеттин жана карапайым элдин коопсуздугу биринчи орунда турат. Ал эми бийликке келгиси келгендерге мыйзам чегинде шайлоо жолу менен бийликке келе бергиле демекчимин», — деп айтылат Садыр Жапаровдун маегинде.

KG-групп курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов былтыр октярбда курулуштагы мыйзамсыз аракеттери үчүн айыпталып, бюджетке келтирген зыяндын ордун толуктагандан кийин декабрда үй камагына чыгарылган. Ал январдын башында видео кайрылуу жасап, өзүнөн УКМК кызматкерлери 100 млн сом опузалашканын айтып чыккан.

Ишкердин бул кайрылуусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 10-январдагы жыйынында акча опузалоо боюнча айтылгандарды четке кагып, Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын айткан.

Атайын кызмат Имамидин Ташов менен активист Тилекмат Кудайберген уулунун сүйлөшүүлөрү боюнча видео жарыялап, аларды «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет» кылышкан деген шек менен издөө жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM