Биз менен байланышыңыз

«KG-групп» компаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу маселеси каралууда

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 286 | 0
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нурдан Орунтаев

KG-групп курулуш компаниясынын лицензиясын жокко чыгаруу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев «Биринчи радионун» түз эфиринде айтты.

Анын маалыматына караганда, Бишкек шаарында KG-групп компаниясынын тогуз объектиси бар. Анын үчөө мурун курулуп, эксплутацияга берилген, бешөө курулушу жүрүп жаткан үйлөр жатат. Бирок ал үйлөрдө эл жашап келет.

«Компаниянын шалаакылыгынан ошол беш үйдө жашап жаткан жарандар суу, жарык сыяктуу коммуналдык кызматтардын акчасын коммерциялык түрдө төлөп келет. Башкача айтканда, бул аталган компаниянын курулушка болгон мамилесин көрсөтөт. Жетекчиси Имамидин Ташов өзүн патриотмун деп айтып келет, бирок Көк-Жардан алган 20-30 сотых жерди бала бакча салам деп алып, ордуна үй куруп салган. Ал үчүн кылмыш иши козголуп, бюджетке акчаны кайтарды. Ал курулуштарын орто жолдо калтырып кеткен учурлар көп. Биз курулуш компаниялардын ишине кийлигишпейбиз, бирок баары мыйзамдуу болушу керек. Азыр компанияга байланыштуу чыккан чырлардын айынан компаниянын лицензиясын кароого мажбур болуп жатабыз», — деди Нурдан Орунтаев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бала бакча үчүн алынган жерге 12 кабаттуу турак үйдүн курулушу боюнча кылмыш ишин козгоп, KG-групп курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовду былтыр октябрда кармаган. Ал декабрда мамлекетке келтирген зыяндын ордун толуктап, үй камагына чыккан.

Быйыл январда Имамидин Ташов социалдык тармак аркылуу видеокайрылуу кылып, УКМК кызматкерлери аны бюджетке 52 млн сом төлөп, сол чөнтөккө да 100 млн сом төлөөгө мажбурлашканын айтып чыкты.

Ишкердин бул кайрылуусу боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берип, Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын, ал баары бир камакка алынарын айтты.

Атайын кызмат Имамидин Ташов менен Тилекмат Кудайберген уулун «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет» кылышкан деген шек менен издөө жарыялады. Учурда анын тарапташтары делген жарандар кармалууда.

Copyright © 2017 Maral FM