Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Катарда футбол боюнча Азия Кубогу башталат

Кыска кабар , Спорт | 12 Янв 2024 | 519 | 0

Бүгүн, 12-январда Катарда футбол боюнча Азия Кубогу башталат. Турнирдин ачылышындагы беттеш «Лусаил» стадионунда болуп,  Катар жана Ливан курама командалары ойнойт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Азия Кубогуна 24 өлкөнүн курама командасы катышып жатат. Алар алты тайпага бөлүнгөн, ар бир тайпада төрттөн команда болот.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия биринчилигинде өз тарыхында экинчи жолу ойнойт. Биринчи жолу 2019-жылы Азия Кубогуна катышып 1/8 финалдык баскычына чейин жетишкен.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат.

F тайпасында орун алган Кыргызстандын командасы Таиланд, Сауд Арабия жана Омандын курама командалары менен ойнойт.

Улуттук команданын баштапкы беттеши 16-январда «Абдулла бин Халифа» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да өтөт. Азия биринчилигинин бардык оюндары УТРК Спорт каналынынын санариптик түйүндөрүндө көрсөтүлөт. Түз алып берүүлөр каналдын тиркемесинде жана сайтында да жеткиликтүү болот.

Кыргызстан Азия Кубогунда ойной турган футболчуларынын тизмесин жарыялады

Азия Кубогу — эл аралык футбол талантын даңазалаган, төрт жылда бир өтүүчү биринчилик. Турнир 12-январдан 10-февралга чейин өтөт.

Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь
Таиланд 20:30 Кыргызстан Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 23:30 Оман Халифа стадиону
21-январь
Оман 20:30 Таиланд Абдулла бин Халиф стадиону
Кыргызстан 23:30 Сауд Аравия Ахмат бин Али стадиону
25-январь |
Кыргызстан 21:00 Оман Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 21:00 Таиланд Эдьюкейшн сити стадиону

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM