Биз менен байланышыңыз

Бишкектин борборунда митингди чектөө мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 179 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарында тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2024-жылдын 31-мартына чейин узартылды.

Акимияттын тиешелүү токтомун Биринчи Май райондук соту мыйзамдуу деп тапты.

Тынч жолугушууларды жана акцияларды Максим Горький атындагы паркта гана өткөрүүгө болот.

Митингге чыгууга болбой турган жайлар:

«Ала-Тоо» аянты, Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин, Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанында, Панфилов паркында, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде, Жогорку Соттун алдында, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, УКМК имаратынын жанында.

Буга чейин Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Чоң Алай районунда митинг өткөрүүгө тыюу салынган. Райондук администрациялардын, жергиликтүү мэриянын, шаардык маданият үйлөрүнүн, айыл өкмөттөрдүн имараттарынын жанында, стадиондордо, коомдук жайларда, айылдарда жыйындарды, тынч акцияларды өткөрүүгө болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM