Биз менен байланышыңыз

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 239 | 0

Бишкектеги «Манас айылынын» мурдагы жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келгенин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кабарлады.

Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушканын айтып, сүрөт жарыялады.

«Камчыбек Кыдыршаевичтин кабыл алуусунда болуп, улуттук баалуулуктар, «Манас» дастанын жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлаштык. Жакшы сөзүн айтып, кабыл алганына ыраазычылык билдирем. Мен манасчы болгонум үчүн ар бир кыргыз баласы Манас бабабызды сыйлап-урматтап, туу тутушу керек деп ойлойм. Камчыбек Кыдыршаевичтин дагы оюнда Манас  улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген тариздеги ойлорун угуп кубандым. Ошону менен бирге буга чейин эстелик коюлбаган 3 областка (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад) Манас баатыр эстелигин курууну колдоп, иш башталарын билдирди», — деп жазды манасчы.

Дөөлөт Сыдыков 2022-жылы май айында үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары манасчынын өлкөдөн чыгып кетүүсүн аларга болгон куугунтук катары баалашкан.

Ага чейин ал бир нече айдан бери Бишкектеги «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айтып жүргөн. Ал топ «Манастын айылын» кайра куруу жана руханий борборго айлантуу иштерине тоскоол кылып жатканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров ошол эле жылы 25-апрелде «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде «Манас айылы» жаңыланарын айткан. 29-апрелде маданий комплексти жаңылоо боюнча жаңы долбоор иштелип чыкканы кабарланган.

Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыковго карата куугунтук болбогонун, ал кайтып келсе анын коопсуздугун кепилдей турганын билдирген. Ошондой эле манасчы Дөөлөт Сыдыковдун бул кадамын пиар катары баалап, аны менен эч кандай душмандык мамиле болбогонун кошумчалаган.

Президент: Дөөлөт Сыдыков манасчы эмес эле, «пиарчы» экен

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM