Мал жандыктарды жана эт азыктарды алып келүүдө чек арадагы ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ветеринардык кызмат Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы 32 веткөзөмөл пункттарында импорттоо менен алектенген жеке жана юридикалык жактар тарабынан алынып кирип жаткан мал жандыктардын жана алардан алынган азыктардын процедуралык иш кагаздарын кароо учурунда төмөндөгү документтерди талап кылат:
-Кыргызстандын Башкы ветеринардык инспекторунун расмий түрдө берилген уруксат кагазынын жана макулдугунун түп нускасы;
-Ветеринардык кызматтын өлкө аймагына ташып кирүү (импорттоо) менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик Реестрине катталуусу;
-ЕАЭБдин втеринардык-санитардык талаптарына ылайык ветеринардык коштоочу документтери;
-тирүү мал чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктундагы ветеринардык көзөмөлдөн өткөндөн кийин ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык карантинге жиберилет.
Талаптарды сактабаган жана жугуштуу оорулардын таркалуусуна жол берген юридикалык жана жеке жактарга мыйзам чегинде чара көрүлөт.
Министр: Кыргызстанда өлгөн малдын этинен бизнес кылгандар көбөйдү