Биз менен байланышыңыз

Министр: Кыргызстанда өлгөн малдын этинен бизнес кылгандар көбөйдү

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2023 | 580 | 0

«Кыргызстанда өлгөн малдын этинен бизнес кылгандар бар. Андан сырткары, ооруган малдын сүтүн, этин саткандар андан көп» . Бул тууралуу «Маралдын» эфиринде Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

«Өспүрүмдөр сыркоолоп калганда антибиотик пайдаланса дээрлик көп мезгилде таасирин бербей калды. Себеби биз жеп жаткан эт, сүт азыктарында уруксат кылынбаган өлчөмдө антибиотик колдонулуп жатат. Ошондуктан өлкөгө кирип жаткан ветеринардык препараттардын баарын көзөмөлгө алып, аптекаларда текшерүүлөрдү баштап жатабыз. Бизге келген ветдарылардын 30-40%ы жасалма. Ушуну көзөмөлгө алуу үчүн мыйзам да кабыл алдык», — деди Жаныбеков.

Анын айтымында, Кыргызстанда 45 мал базар бар. Анын 25и гана талапка жооп берет. Талапка жооп бербеген мал базарларга 137 миң өлчөмдөгү айып пул салынды.

Талапка жооп берген мал базар кандай болушу керек?

Турак үйлөрдөн жок дегенде 200 метрден алыс болушу керек. Ал эми ичиндеги инфраструктурасы толук болушу зарыл. Аларга мал байлана турчу жерлерде казыктар, мамылар толук болуп, үстү жабылып, асты бетондолгон болушу керек.

Андан тышкары, жылкы, уй, кой ар биринин катары өзүнчө болот. Автоунаа токтотуучу жай жана малды түшүрүп, жүктөөчү жерлер талап кылынат.

«Азыркы учурда азык-түлүк коопсуздугу менен чогуу тамак-аш коопсуздугун да катуу көзөмөлгө алып жатабыз. Себеби учурда болуп жаткан тез татым жасаган жайлардагы уулануулардын кесепетинен каза болгондор жана ден соолугуна зыян алып келген учурлар катталып жатат»  — деп кошумчалады министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM