Боом капчыгайына кире бериштеги «Апамдын сүт чайы» же «Апамдын каттамасы» деген бренд менен таанылган тамактануучу жай темир жолдун аймагында жайгашканы үчүн аны көчүрүү пландалууда.
Мындай маалыматты депутат Нуржигит Кадырбеков парламенттин 11-январдагы жыйынында айтты. Өзүнө аталган жайды иштеткендер кайрылып, сезон бүткөнчө иштеп турууга мүмкүнчүлүк берүү маселесин кароону өтүнүшкөн.
«Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө өздөрү иш таап алган жарандарды колдошот. Кыргызстанда да жөнөкөй, бирок брендге айланган жай бар, бул «Апамдын каттамасы» деген жакшы бизнес борбор. Ошол жерде канча адам ишкердик кылып жатат, кредит алгандары бар экен. Темир жолдун аймагында жайгашкан экен, эми албетте, коопсуздук маселеси маанилүү. Бирок менин билишимче, Балыкчыга саат сайын поезд каттай бербейт. Экинчиден, Кытай, Жапония, Кореяга барсаңыз, поезд көп кабаттуу үйлөрдү аралап өтөт, бирок эл жашап эле атат. Ошондуктан буларга сентябрга чейин мүмкүнчүлүк берилсе, сезон бүткөндөн кийин көчүшсө», — деди депутат.
«Апамдын каттамасы». Ира апаны туристтер Абу Дабиге эс алууга чакырды