Connect with us

Парламентте Афтандил Жоробековду бошотуу маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 286 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков парламенттин 10-январдагы жыйынында мамлекеттик туунун өзгөртүлүшүнө каршы пикири үчүн камакка алынган активист Афтандил Жоробековду бошотуу маселесин көтөрдү.

Афтандил Жоробеков Кыргызстандын желегин өзгөртүүгө каршы чыгып, 9-декабрда митинг өткөрүүнү пландаган. 7-декабрдын кечинде кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандык) менен айыпталууда.

Бишкек шаардык соту 25-декабрда Жоробековду 2024-жылдын 7-февралына чейин камакта калтырган.

Жогорку Кеңеш 20-декабрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамды кабыл алып, документ 22-декабрда күчүнө кирген.

Тууну өзгөртүүнү демилгелегендер андагы күн нурунун толкун сымал формасы түздөлүп, чамгаракты төрткө көбөйттү.

Ошондой эле туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрү жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, ал эми унаалардын номердик белгилери жана туунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо күбөлүгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM