Прокуратура блогер, активист Ырыс Жекшеналиевге карата Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун актаган чечимине каршы шаардык сотко арыз берди.
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, прокуратура 7 жыл сурап, ишти жаңы тергөөгө кайтарып берүүнү өтүндү.
2023-жылы 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда активист Ырыс Жекшеналиевге карата соттук териштирүү аяктап, ага коюлган айыптар алынып, толук акталган.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Ырыс Жекшеналиевди «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы» үчүн күнөөлүү деп табууну өтүнгөн.
Прокурор блоггерди жалпы режимдеги колонияда өтөө үчүн алты жылга кесүүнү сураган.
«Полит узник» фейсбук баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев былтыр 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, камакка алынган.
Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.