Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстандын футболчулары Вьетнамдын командасы менен ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 9 Янв 2024 | 542 | 0

Бүгүн, 9-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия Кубогунун алдындагы финалдык жолдоштук беттешин өткөрөт.

Улуттук курама команда Вьетнамдын командасы менен ойнойт.

Беттеш Катардын Доха шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Оюн жабык форматта өтүп, түз эфирде көрсөтүлбөй турганы буга чейин кабарланган.

Кыргызстандын курамасы Өзбекстан (1:4), БАЭ (0:1) жана Сирия (1:1) менен үч сыноо оюнун өткөргөн.

Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Улуттук курама D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM