Биз менен байланышыңыз

Жаза аткаруу кызматы «Женгонун» каза болгону тууралуу маалыматты четке какты

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 415 | 0

Жаза аткаруу кызматы «Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадырбек Досоновдун каза болгону тууралуу маалыматтарды четке какты.

Буга чейин социалдык тармактарда «Женго» түзөтүү абагында каза болгондугу тууралуу билдирүүлөр тараган.

Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Ал 2023-жылдын январында Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн сабоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Алардын бири алган жараатынан каза болсо, экинчиси бутунан оор жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Досонов Ош шаарындагы 5-СИЗОго камалган.

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Женгону» Оштон Бишкекке алып келүү боюнча тапшырма бергенин айткан. Ал декабрь айында Бишкекке которулганы белгилүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM