Биз менен байланышыңыз

Касмамбетов: Адегенде кароодон толук өтө элек туу илинди

Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 282 | 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкектин борбордук аянтына 1-январь күнү макулдашыла элек туу илингенин айтты. Ал бул жөнүндө кийинчерээк сөз болорун белгиледи.

«Моюнга алыш керек, адегенде толук такталбаган, кароодон өтө элек туу илинип, бир топ ызы-чууну жаратты. Бул тууралуу биз кийинчерээк кеп кылабыз. Бүгүнкү туу болсо Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынган, өкмөттүн токтому менен бардык параметрлердин негизинде кабыл алынган туубуз илинди. Биз өзгөртүлгөн, толукталган туубуздун астында ынтымакка келишибиз керек. Жөнү жок, жаңы бир ой тумумдарды, талкууларды токтотушубуз керек деп эсептейм», — деди мамлекеттик катчы.

8-январда Кыргыз борбордук «Ала-Тоо» аянтында Мамлекеттик тууну көтөрүү аземи өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана башка бийлик өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик туу жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 1-январда борбордук аянттагы башкы желек алмаштырылган. Бирок парламент тарабынан кабыл алынган желек эмес, башка желек илинген. Бул коомдо катуу талкуу пайда кылган.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков туунун жаңы вариантына Министрлер кабинети толуктоо киргизип, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин айткан.

Жогорку Кеңеш 20-декабрда кабыл алып берген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга 22-декабрда президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик туудагы Күн нурунун толкун сымал формасы түздөлүп, чамгарак төрткө көбөйгөн.

Copyright © 2017 Maral FM