Биз менен байланышыңыз

Быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн канча квота берилгени айтылды

Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 362 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, ажылык сапарын талкуулашты.

Анда 2024-жылы ажылык иштери эрте башталгандыгы белгилүү болду.

«2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, кошумча квота сурадык. САПтын ажылык-умра министрлигинде бул маселе комиссия аркылуу чечилгендиктен КМДБнын атынан расмий кат тапшырдык. Учурда жатакана, тамак-аш жана ыйык өрөөндөрдөгү кыргызстандык ажылардын ибадаттарынын аткарылышы боюнча өз ишибизди баштадык», — деди муфтий.

Тараптар 2024-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, Кыргызстанга 6060 квота берилгендиги белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM