Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Иранда жардырууда набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 5 Янв 2024 | 153 | 0

Иранда жардырууда набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Ирандагы элчилик бул өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар менен дайыма байланышта экени кабарланды.

Кыргызстандын жарандары элчиликтин телефон номери аркылуу зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат:

+982122830354 жана +989352505226.

Ирандын түштүк-чыгышындагы Керман шаарындагы көрүстөндүн жанында болгон эки жардыруудан кеминде 103 киши набыт болуп, 170тен ашууну жарадар болгонун ирандык маалымат каражаттары кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Эбрахим Раисиге Керман шаарында болгон жардырууга байланыштуу көңүл айтты. Жапаров Кыргызстан терроризмди кескин айыптай турганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM