Биз менен байланышыңыз

Райондук сот экс-депутат Бакчиевдин камактагы мөөнөтүн узартты

Кыска кабар | 5 Янв 2024 | 338 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевди камакта калтырды. Маалыматка караганда, Бакчиев 23-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев 2023-жылдын 15-ноябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынган. Райондук сот аны камакта калтырган.

Маалым болгондой, экс-депутат Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айыпталууда. Мындай кылмыш үчүн 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Жаныбек Бакчиев «Бир бол» фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаты болгон.

Copyright © 2017 Maral FM