Биз менен байланышыңыз

ЖК: Көп аял алууга жол берген мыйзам даярдалган жок

Кыска кабар | 5 Янв 2024 | 325 | 0

Жогорку Кеңеште көп аялдуулукка жол берген мыйзам долбоору даярдалып жатканы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу парламентин маалымат кызматынын башчысы Жайыл Русланов Фейсбук баракчасына жазды.

«Эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт. Андыктан демилгеленбеген мыйзам долбоору боюнча коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырабыз. Туура эмес маалыматтарды жайылтып, жалпы элди козуткандардын да мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз» , — деди ал.

Кечээ социалдык тармактарда эки аял алууга уруксат берген мыйзам долбоору даярдалып жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Кыргызстанда «Үй-бүлө жөнүндө кодексинин» 15-беренесине ылайы, эки же андан көп никеге туруу кылмыш болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM